Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:39

Кыргызстанда бачабаздык үчүн жаза күчөтүлөт


Кылмыш, жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбооруна премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол коюп, Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү. Ага ылайык, өспүрүм жана жашы жете электерди зордуктаган кылмышкер 15 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратылат. Шарттуу түрдө эркинен ажыратуу бачабаздарга колдонулбайт. Ал эми күч колдонуп зордуктаган учурда 3-8 жылга, жашы жете электерге ушундай зомбулук көрсөтсө 20 жылга чейин же өмүр бою эркинен ажырайт. Ал эми зордук-зомбулук көрсөтпөй, бирок жосунсуз жоруктарды жасаса беш жылга камалат. Мыйзамда көрсөтүлгөндөй, өспүрүмдөргө жашы 18ге, ал эми жашы жете электерге 14 жашка чейинкилер кирет.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, соңку убактарда педофилия курмандыктарынын саны өскөн. Былтыр алгачкы алты айда бачабаздык боюнча 42 кылмыш катталса, быйыл жыл башынан бери өлкө боюнча 73 кылмыш ачылган. Кыргызстанда мындай зордуктоого баргандарды химиялык жол менен бычуу сунушу да айтылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG