Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Президент коалиция түзүү мандатын бүгүн тапшырышы мүмкүн


Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарымбаевдин “Азаттыкка” айтымында, парламенттеги коалициянын тараганы боюнча документ өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевге убагында жеткирилген. Коалиция түзүү мандаты кайсы фракцияга берилери да талкууланып, учурда бул маселе дагы ойлонулуп жатат. Ага ылайык президент бүгүн Жогорку Кеңештеги кайсы бир фракцияга ушундай мандат тапшырып калышы ыктымал.

22-августта “Биримдик” коалициясы өз ишин токтотконун коалициянын башчысы, "Республика" фракциясынын депутаты Канатбек Исаев жарыялады. Былтыр декабрда "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан эки күн мурда "Ар-Намыс", "Ата Мекен" чыгып кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG