Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:13

Иран уранды байытууга жашыруун центрифугаларды орнотууда


Жер алдында жайгашкан Фордо ядролук борборундо жүздөгөн жаңы центрифугалар орнотулуп, бирок ишке кире электигин батыштык маалымат агенттиктер дипломатиялык булактарга таянып айтып чыкты.

Мындай кабар Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттиктин жума күнү Венада өтчү Ирандын ядролук программасы тууралуу жыйынын утурлай тарады. Эгер айтылган маалымат тастыкталса, анда Иран уранды байытуу боюнча эл аралык коомучулуктун талабын четке какканын көрсөтөт.

Тегеран ядролук программасын тынчтык максатында гана өнүктүрүп жатканын билдирсе, Батыш Иран ядролук курал чыгаруунун үстүндө иштеп жатканын айыптайт.

XS
SM
MD
LG