Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:45

Норвегияда сот Андерс Брейвиктин өкүмүн угузат


Өткөн жылдын июль айында баш калаа Осло менен Утойя аралдарында кызыл кыргын салган Брейвикти сот акылынан адашкан деп табабы-жокпу азырынча беймаалым. Бүгүнкү сот жыйынында анын психатриялык абалы тууралуу адистердин бүтүмү угузулат. Эгерде Брейвиктин акыл-эси ордунда эмес деген бүтүм чыкса, анда аны белгисиз мөөнөткө ооруканага жиберилет. Эгер акыл-эси жайында болсо анда Норвегиянын мыйзамы боюнча эң узак мөөнөт 21 жылга эркинен ажыратылат. Бул мөөнөт узартылышы дагы мүмкүн.

Брейвик өзү болсо акыл-эси жайында экенин айтып, 77 кишини өлтүргөнүн мойнуна алат. Бирок ошол эле кезде өзүн күнөөсүз деп, өлкөсүндөгү “исламдашууга” жана башка улуттардын келишине каршы күрөшкөнүн айтат.

XS
SM
MD
LG