Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:43

"Республика" Исаевден баш тартты


"Республика" саясый партиясы Канатбек Исаевден баш тартты. Аны партиянын Саясый кеңешинен да, парламенттеги депутаттык фракциядан да жана партиянын катарынан да чыгаруу тууралуу чечим кечээ, 23-августта партиянын жыйынында кабыл алынды.

Бул тууралуу маалымат “Республика” партиясынын интернеттеги расмий сайтында турат.

"Жыйында Канатбек Исаевдин акыркы билдирүүлөрү каралды. Ал партиялык тартипти сактабаганына, өз алдынча билдирүү жасап, берген убадаларын аткарбаганына, ошондой эле партиянын атына шек келтиргенине байланыштуу чыгарылды" - деп айтылат "Республиканын" маалыматында.

Азырынча Канатбек Исаевдин өзү менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.

22-августта Канатбек Исаев Жогорку Кеңештеги башкаруучу "Биримдик" коалициясынын башчысы катары билдирүү жасап, "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" фракцияларынын чечимине байланыштуу коалиция тарады" деген расмий катын президентке жана парламент төрагасына жөнөткөн.

Бирок парламентке "Республикадан" шайланып келген премьер-министр Өмүрбек Бабановдун аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Султан Каназаров Исаевдин бул билдирүүсү мыйзамсыз деп айткан.

"Коалиция ага кирген фракциялардын биринин лидери тарабынан башкарылат деп келишимде жазылган. А Канатбек Исаев, өзүңөр билгендей, фракция лидери эмес", - деп айткан Каназаров.

22-августта Кыргызстанда парламенттик башкаруучу коалиция тараганы анык болду. Себеби былтыр декабрда "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Республика" жана Социал-демократтар фракциялары биригип түзгөн коалициядан "Ар-Намыс" жана "Ата Мекен" чыгып кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG