Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:00

Лейлектеги чатак боюнча кылмыш иш козголду


Баткендин Лейлек районунда жаштар арасында чыккан уруш боюнча кылмыш иш козголду, иликтөө жүрүп жатат. Бул тууралуу "Азаттыкка" райондун акими Тилеберди Арипов билдирди. Анын айтымында, окуя 22-августта кечки саат жетилерде "Салкын Төр" кафесинин жанында болгон.

"Кулунду айылынан бир киши кафеде той өткөрүп жаткан. Тойго келген айрым жаштар жол боюнда турган экен. Ошол учурда чөпкө кетип бараткан Чимген айылынын балдары тойдун конокторуна "машинени жолдон алгыла" деп айтса мушташ чыгып кетти деп айтып жатышат. Чимгендиктер андан ары кетип баратса Кулундунун жаштары артынан барып, бирөөнү кармап келип сабап койгон экен. Чинген айылынын эки тургуну - ага-ини ооруканада. Кулундулук жаштардан алтоо ооруканага кайрылган, бирок ошол эле күнү чыгып кеткен. Мушташкан тараптын биринин атасы пневматикалык куралдан ок аткан. Бирок ооруканага түшкөндөрдүн жарааты тапанчадан эмес.", - дейт Арипов.

Аким ошондой эле Лейлекте криминалдык топтордун кагылышуусу болду деген сөздөрдү четке какты. Райондо абал тынч экенин, кооптонууга негиз жок экенин айтты.

Аталган айылдарда кыргыз жана тажик тектүү тургундар жашайт. Тилеберди Ариповдун айтымында, эки улуттун өкүлдөрү чатакташа кетти деген сөз да негизсиз, себеби урушка катышкандардын баары кыргыздар. (RK)

XS
SM
MD
LG