Оштун Кара-Кулжа районуда сууга агып кеткен 15 жаштагы эки баланын бири аман калып, экинчисин сактап калууга мүмкүн болбой калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынын башчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт. Анын айтымында, 22-августта кечинде Кара-Кулжа айыл аймагындагы Мойнок жайлоосунда 1997-жылы туулган Саматбек уулу Нурислам жана Кадирдин уулу Талгарбек Кара-Кулжа дарыясына агып кеткен. Саматбек уулу Нурисламдын сөөгүн куткаруучулар бүгүн эртең менен таап, туугандарына өткөрүп беришти. Ал эми Кадирдин уулу Талгарбек суудан сүзүп өтүп кеткени, азыр абалы жакшы экени айтылууда. (RK)