Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:29

БУУ: Сириядан качкандардын саны 200 миңден ашты


Бириккен Улуттардын адам укуктары боюнча баш комиссары Сириядан коңшу өлкөлөргө өтө качкандардын саны 200 миңден ашкандыгын бышыктады. БУУнун качкындар агенттиги буга чейин жыл аягына карата сириялык качкындар 185 миңге чукулдайт деп болжолдоп жаткан.

- Сириялык качкындардын саны август айында кескин көбөйдү. Азыр биз 200 миң качкынды тизмеге алдык. Бул 2012-жылга болжогон 185 миңден ашып кетти. Ошондуктан эми планыбызды кайра карап чыгышыбыз керек, - деди Адриан Эдвардс.

Акыркы 24 саатта эле Түркияга үч жарым миңден ашык киши өтүп келген. Сирияда мындан бир жарым жыл мурда башталган сайсий кризистен бери баарынан көп сириялыктар Түркияга өтүп келип, алардын жалпы саны 74 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG