Жергиликтүү жарандык активисттер менен жетишилген келишимдин негизинде Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном областынан өкмөттүк аскерлер чыгарылып кетти. Келишим областын борбору Хорогдо жүздөгөн тургундар эки күн бою нааразылык акцияларына чыккандан кийин, кечээ кечинде жетишилди. Нааразылыкка 1990-жылдардагы Тажикстандагы ички согушта оппозиция тарапта болгон корбашы Имомназар Имомназаровдун өлтүрүлүшү себеп болгон. Кылмыштуу топтор менен алакасы бар деп шектелген Имомназаровду шейшемби күнү өз үйүндө өлтүрүп кетишкен. Өкмөттүк өкүлдөр буга мамлекеттик органдардын тийешеси жок деп айтышууда.