Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Лэнс Армстроң допинг боюнча айыптоого каршы күрөшүн токтотту


Атактуу велосипедчи АКШнын Анти-допинг агенттигинин айыптоосун апелляцияга бербей тургандыгын тастыктады. Бейшембинин кечиндеги билдирүүсүндө Амрстроң өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин акыйкатсыз деп мүнөздөп, ошого карабастан айыптоолорго каршы эми аракет көрбөй тургандыгын бышыктады. Ал мындан ары убактысын үй-бүлөсүнө жана ракка каршы кордун ишине арнай тургандыгын кошумчалады. Бир кезде рак оорусунан аман калган, велоспорт боюнча дүйнөдөгү эң мыкты атлет саналган Армстроңдун допинг колдонгону далилденсе, ал Тур де Франста алган жети алтын медалынан ажырап, өмүрүнүн аягына чейин велопсортто жарышууга тыю салынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG