Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

Токтонасыров Беларус элчилигине гүл көтөрүп барды


Укук коргоочу, "7-апрель" кыймылынын лидери Өндүрүш Токтонасыров 25-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына элчиликтин ишин токтотуу талабы менен чыкты.

Ал гүл көтөрүп келишин мындайча түшүндүрдү:

- Бүгүн дем алыш күнү. Бирок кечээги кабардан кийин айрымдары туталанып иштеп жатышса керек. Аларга гүл берип койойун деп келдим. Убара болуп дүйшөмбү күнү келбей эле коюшсун. Анткени убакыт жетти, кош айтышууга туура келет.

Укук коргоочу эгер элчилик дүйшөмбү күнү ишин токтотпосо, имараттын эшигинин астына жатып алаарын кошумчалады.

Мындай акцияга Кыргызстанда оор кылмыштарга шектелип жаткан Бакиевдердин үй-бүлөсүн ар кандай келишимдерге карабай Беларус бийлиги Кыргызстанга өткөрүп бербей жатышы себеп болгон.

24-августта Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн чакыртып алды. Мындай аракет 21-августта Кыргызстандын Беларус бийлигине ал жакта Жаныш Бакиевдин жүргөнү тууралуу жөнөткөн нотасына эч кандай реакция болбой жатканына байланыштуу болгону кабарланган. (AKu)

XS
SM
MD
LG