Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Сирияда ажал тапкан жапон журналистинин сөөгү мекенине жеткирилди


Сириянын түндүк-батыш тарабындагы Алеппо шаарында оппозиция менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышында жапониялык согуштук журналист, The Japan Press агенттигинин кабарчысы Мика Ямамото каза тапкан. Ал кесиптеши менен чогуу Сириянын эркин армиясы тарапта репортаж жасап жүргөндө өкмөттүк аскерлердин аткылоосунан набыт болду. Анын сөөгү бүгүн түрк авикомпаниясы менен Токиого жеткирилди.

45 жаштагы Ямамото согуштук журналист катары белгилүү, ал буга чейин Ооганстан жана Ирактагы согушту чагылдырган.

Сирияда жаңжал башталгандан бери 4 чет элдик журналист каза тапты, дагы үчөөнүн азыр дайынын таппай жатышат.

XS
SM
MD
LG