Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:49

Samsung корпорациясы Appleге миллиард доллар төлөйт


Калифорниянын Сан-Хосе федералдык соту Samsung корпорациясы Apple патенттеген программалык камсыздоо кызматтарын жана смартфондун дизайнын мыйзамсыз колдонуп жүргөнү үчүн 1,05 АКШ долларын Appleге төлөп берүү чечимин чыгарды. Жаңы технология жаатында дүйнөлүк базардагы бул эки дөө-шаа компания интеллектуалдык менчик укугу боюнча бир нече убактан бери кайым айтышып келишет. Apple атаандашынан 2,5 млрд доллар айыппул сураган, Samsung болсо Appleди 519 миллион долларга айыпка жыгууну көздөгөн эле. Эми соттун бул чечиминен кийин Samsungдун бир нече продукциясын АКШга импорттого тыюуу салынып, Appleдин соодасы дагы дүркүрөп өсүшү мүмкүн. Бирок түштүк кореялык компания да жөн жатпай, жогорку инстанцияларга доо арыз менен кайрылууну көздөөдө.

XS
SM
MD
LG