Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Венесуэлада заводдогу жарылууда 19 киши мерт болду


Венесуэладагы ири мунай иштетүүчү заводдо сызылып чыккан газдан улам жарылуу болуп бери дегенде 19 адам каза болуп, 53ү жаракат алды. Учурда заводдун үстүн кара түтүн каптап турганын өлкөнүн мамлекеттик сыналгы каналы көрсөттү.

Өлкөнүн энергетика министри Рафаэл Рамирес жарылуунун себеби заводдун ичинде сызылып чыккан газдан болгонун, кырсыктын кесепети ишкананын тегерегиндеги бир нече үйгө тийгенин айтты. Ушул тапта окуя катталган жерде куткаруучулар иштеп, жакынкы райондун жашоочулары аймактан чыгарылды.

XS
SM
MD
LG