Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Кыргыз-тажик чегинде баткендиктердин 4 автоунаасы талкаланды


Мындай маалыматты Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары «Азаттыкка» маалымдашты. Бул маалыматты Баткен районунун акими Сейтмурат Калыков да тастыктады.

23-августтан бери Тажикстандын Исфара районунун Кыргызстан менен чектешкен Мачаи, Ворух айылдарын аралап өткөн жолдо 4 жеңил автоунаанын айнектери талкаланган. Бул окуялардан улам Баткен району менен Тажикстандын Исфара районунун жамааттык башкармалык өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Тажик тарап келтирилген чыгымдарды калыбына келтирип бермей болду. Мындан тышкары эки өлкөнүн жергиликтүү күч кызматтары аталган аймактарда биргелешип көзөмөл жүргүзүшөт.

Аким Сейтмурат Калыковдин пикиринче, кошуна өлкө жарандарынын өткөн унааларга жашырынып таш ыргытып жатышы кыргыз чек арачылары өткөн жумада 6 тажик жаранын чек араны мыйзамсыз бузуп өткөнүнө байланыштуу кармаганына жооп болушу мүмкүн.
Ошондой эле Хорогдогу окуяларга байланыштуу аймакта туруктуулукту бузуу үчүн жасалган аракет болушу мүмкүндүгү тууралуу да божомолдор бар.(JsA)

XS
SM
MD
LG