Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Америкалык астронавт Нил Армстронг көз жумду


Айга биринчи кадам таштаган астронавт Нил Армстронг жүрөгүнө жасалган операциядан кийин өзүнө жакшы келе албай, 82 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал 1969-жылы 20-июлда “Аполлон-11” космостук кемесинин капитаны катары айдын бетине басып келгенден кийин “адам үчүн бир кадам, ал эми адамзат үчүн эбегейсиз чоң секирик”, - деп айтканы миллиарддаган адамдардын эсинде калган. Космостук кеменин капитаны Армстронг жана пилот Базза Олдрин айдын бетинде эки жарым саттай басып жүрүшүп, сүрөткө тартып, илимий эксперименттерди жүргүзүп, АКШнын желегин орнотушкан.

Айдан кайтып келгенден кийин ал дүйнө жүзүнө атактуу болду. Нил Армстронгго эң кадыр-барктуу НАСА агенттигинин медалы, Президенттин Эркиндик медалы жана Конгресстин Алтын медалы ыйгарылган. Бирок журналисттер менен баарлашуудан карманып, прессага чыгууну жактырчу эмес. Кийин ал НАСАда иштеп, бизнес менен алектенип жана окутуучу болуп иштеп жүрдү.

“Нил Армстронг Американын улуу баатырларынын бири, анын ысымы эч качан унутулбайт”, - деп эскерди АКШ президенти Барак Обама.

XS
SM
MD
LG