Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Абхазия менен Түштүк Осетия Эгемендик күнүн белгилөөдө


Беш күнгө созулган орус-грузин согушунан кийин бул эки өлкөнү Орусия көз карандысыз республика деп таанып, 2008-жылдын 26-августунда ошол кездеги президент Дмитрий Медведев атайын жарлыкка кол койгон. Бирок Грузия бул эки өлкөнү Орусия басып алган деп эсептейт.

2008-жылы августтун сегизине караган түнү грузин күчтөрү жикчил Түштүк Осетиянын Цхинвали шаарын жана анын айланасын замбирек менен аткылаган. 8-августта орус аскерлери Түштүк Осетияга киргизилип, орус учактары Грузиянын ички аймактарына чабуулун баштаган. Бир жумага жетпей грузин күчтөрү сүрүлүп чыгарылып, 26-август күнү Москва Түштүк Осетия менен дагы бир жикчил жумурият - Абхазиянын көз карандысыздыгын тааныган.

XS
SM
MD
LG