Ооганстандын чалгын кызматынын өкүлдөрү жекшембиде Пакистандагы пилотсуз учактын соккусунан талиптер менен байланышкан экстремисттик “Хаккани” тобунун талаа командири өлтүрүлгөнүн билдирди. Ооганстандын чалгын кызматынын өкүлдөрү жекшембиде Пакистандагы пилотсуз учактын соккусунан талиптер менен байланышкан экстремисттик “Хаккани” тобунун талаа командири өлтүрүлгөнүн тастыктады.
Бадруддин Хаккани – экстремисттик топтун негиздөөчүсүнүн уулу Пакистанда жашырынган согушкерлерге урулган соккуда жок болду. Ишембиде Хакканинин жакын туугандарынын бири талаа командири 21-августта Түндүк Вазирстандын аймагында өлгөнүн бышыктады.
Пакистан менен Кошмо Штаттар Бадруддин Хакканинин өлтүрүлгөнүн азырынча тастыктай элек. Талиптер болсо кол башчы тирүү экендигин айтууда.