Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

АКШ: республикачылар бороондон улам съезддин программасын өзгөрттү


Кошмо Штаттарда республикачылардын партиясы Митт Ромнинин талапкерлигин президенттикке расмий көрсөтүүнү 1 күнгө кийинкиге жылдырды. Республикачыл партиянын съездинин маалымат катчысы Кайл Дауни жекшембиде:

- Биз кырдаалга көз салуудабыз. Штаттын, федералдык жана жергиликтүү бийликтер менен байланышып жатабыз. Коопсуздук көңүл чордонунда турат. Шейшембиде съезддин ишин баштоого даярбыз.

Съезд «Айзек» деп аталган ураган жакындап келаткан Флорида штатынын Тампа шаарында өтөт.

Республикалык партиянын Улуттук комитетинин төрагасы Ринс Прибус партиянын съезди пландалгандай эле дүйшөмбүдө ачылып, бирок ишин кийинки күнү улантаарын билдирет. Кырдаалга жараша съезддин күн тартиби дагы өзгөрүшү мүмкүн.

«Айзек» бороону Гаитинин жээктеринде төрт кишинин өмүрүн алып, Кубанын түндүк-чыгышы аркылуу Флориданын түштүгүнө жакындап келатат.

XS
SM
MD
LG