Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:44

Литва Борис Ельцинге көзү өткөндөн кийин сыйлык ыйгарды


Литванын президенти Даля Грибаускайте салтанаттуу иш-чарада Орусиянын биринчи президенти Борис Ельциндин жесири Наина Ельцинага Крест Витис орденин тапшырат.

Литванын бийликтери экс-президенти Борис Ельцинге Литванын мамлекеттүүлүгүн чыңдоого кошкон салымы үчүн жогорку даражадагы сыйлык ыйгарылганын билдирет.

1991-жылдын январында советтик армия Вильнюстагы телемунараны курчоого алганда Ельцин Литваны колдоп, советтик жетекчиликти сындаган. Кийин болсо Литва, Латвия жана Эстониянын эгемендигин тааныган биргелешкен билдирүү менен чыккан.

Ушул эле жылы Ельциндин жетекчилиги алдыдагы Орусия Литванын көз карансыздыгын тааныган келишимге кол койгон.

XS
SM
MD
LG