Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:55

Бишкекте акыйкатчылардын жыйыны өтүүдө


Кыргыз Акыйкатчы институтунун 10 жылдыгына байланыштуу акыйкатчылардын эл аралык илимий-практикалык жыйыны бүгүн Жогорку Кеңештин имаратында өтүп жатат. Ага Финляндия, Швеция, Швейцария, Норвегия, Жапония, Пакистан, Монголия жана КМШ өлкөлөрүнүн жыйырма чукул акыйкатчылары катышууда. Жыйында Турсунбек Акун өзүнүн иши жана Кыргызстанда адам укуктарын абалы боюнча маалымат берди. Мындан сырткары адам укуктарынын сакталышына байланыштуу негизги көйгөйлөр талкууга алынат. Башкы укук коргоочулардын форуму эртең Ысык-Көлдө уланат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG