Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Болот Шер бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, 2010-жылы апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулукка тиешесе бар экени далилденсе өзүн өзү атып салууга даяр экенин билдирди.
“Бабанов мени талап-таноочу деп атады. Эгер менин күнөөм далилденсе мен өзүмө ок даярдап койдум. Эгер күнөөмдү далилдей албаса, анда экинчи окту Бабанов өзүнө пайдалансын”, - деди Болот Шер. Ал ок салынган конвертти дагы бир атамекенчи депутат Бактыбек Калмаматов аркылуу Бабановго тапшырды.
23-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2010-жылы апрель окуяларынан кийинки талап-тоноочулук фактыларын тергеп-иликтөө боюнча мекемелер аралык комиссия түзүгөн. Анын алдында Башкы прокуратура 4 берене боюнча кылмыш иш козгогон. Тергөөгө байланыштуу Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын башчысы Өмүрбек Текебаев, депутаттары Райкан Төлөгөнов, Болот Шер жана баш прокурордун күйөөсү Бакыт Абдыкапаров суракка чакырыларын билдирген.
Бишкектеги №1 тергөө абагында талап-тоноочулук боюнча шектелип камакта отурган Абдулла Юсупов жогоруда аты аталган адамдардын көрсөтмөсү менен мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарына таандык үй-мүлктү, буюм-тайымды тоногонун айтып чыккан. “Ата Мекендин” депутаттары анын айткандарын төгүнгө чыгарууда. (КE)