Өкмөттүн алдындагы финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөл мамлекеттик кызматынын төрагасы Юруслан Тойчубековдун бүгүн маалымат жыйында айnканына караганда, “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын ишин текшерүү үчүн 3 багыттагы аудит жүргүзүлөт. Биринчиси, экологиялык жана тоо-техникалык, экинчиси, юридикалык, үчүнүчүсү, социалдык-экономикалык экспертиза болмокчу. Бул максатта эл аралык аудитордук компаниялардын кызматына болжол менен 1 миллион доллар сарпталышы мүмкүн. Аудитордук компанияларды “Кыргызалтын” ишканасы каржылайт.
Жалпысынан “Кумтөргө” аудит жүргүзүүнү каалаган эл арлык 9 уюм арыз берген. Азырынча юридикалык экспертиза жүргүзүү үчүн “Мушкат лау Офис” жана социалдык-экономикалык экспертиза үчүн BARLEV Associates Accountans менен макулдашууга кол коюлган. Ал эми экологиялык жана тоо-техникалык экспертизаны “Эрнст Янг” компаниясы жүргүзөөрү болжолдонуп жатат.
Быйыл июль айында парламенттеги бир топ талкуудан кийин өкмөт мамлекеттик комиссия түзгөн. (КЕ/ZB)