Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

“Республика” коалицияга кирүү сунушун жакында талкуулайт


Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков “Республика” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен жолугушту. Коалицияга кирүү сунушун фракция жакында талкуулай турганын билдирген Сулайманов журналисттерге комментарий берүүдөн баш тартты.

Буга чейин айрым фракция өкүлдөрү “Республика” фракциясы Өмүрбек Бабановду премьер-министрлик кызматтан алууга макул болгон шартта гана коалициялык көпчүлүккө кире аларын белгилешкен болчу.

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү мандатын Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясына тапшырган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG