Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:01

Сирияда тик учак атып түшүрүлдү


Cириялык активисттер өкмөттүк күчтөр өлтүрдү дегендерди массалык түрдө жерге берүү учуру. 26-август, 2012-жыл.
Cириялык активисттер өкмөттүк күчтөр өлтүрдү дегендерди массалык түрдө жерге берүү учуру. 26-август, 2012-жыл.
Сириянын мамлекеттик телеси өкмөттүк күчтөрдүн тик учагы борбор Дамасктын Кабуун районунда кыйраганын ырастады. Оппозиция согушкерлери болсо тик учакты алар атып түшүрүшкөнүн билдиришүүдө.

Буга катар оппозиция активисттери өкмөттүк күчтөрдү жаңы кыргын үчүн айыптап жатышат. Алардын ырастоосунда, кыргын Дамасктын жанындагы Дарая районун өкмөттүк күчтөр үч күн мурда козголоңчулардан тартып алгандан кийин болгон жана 300дөн 600гө чейин адам өлтүрүлгөн.

Сириялык активисттер башына ок жеген адамдардын кырка тизилген сөөктөрү тартылган видеотасмаларды Интернетке чыгарышты. Бирок видеотасманын нукуралуулугу жана кыргынга кириптер болгондордун санын башка көз карандысыз булактар аркылуу тактоо мүмкүн эмес. Анткени Сирияда өкмөттүк эмес маалымат каражаттарынын ишине чектөө коюлган.

Бул аралыкта Сирия президенти Башар Асад анын өлкөсүнө каршы чет элдик кутум “жеңилет” деп ырастоодо.

Мамлекеттик маалымат каражаттары билдиришкендей, жекшембиде Сириянын башкы өнөктөштөрүнүн бири – Ирандын жогорку даражалуу өкүлү менен жолугушуу учурунда Асад анын режими “кандай кун болбосун” урушту жүргүзө берерин айткан. (UE)

XS
SM
MD
LG