Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:07

Чек арадагы каргашаны жазган журналисттер суралат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Аскер прокурору Марат Эшперов кабарлады. Анын айтымында, Эчкили-Таш чек ара бекетиндеги окуяны чагылдырып, макаласында ар кандай версияларды көрсөткөн журналисттерден маалымат алынат. Аларга Аскер прокуратурасынан атайын кат жөнөтүлүп, маалымат кайдан, кимден алынганы жана ар кандай версиялар эмненин негизинде жазылганы текшерилет. Азыр кайсы маалыматтар текшерилери такталууда.

20-августта Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Эчкили-Таш бекетинде Балбай Кулбарак уулу төрт кызматташын жана алардын бирөөсүнүн аялын атып өлтүргөн. Өзү эртеси колго түшүрүү учурунда окко учкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG