Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:00

Токтонасыров нааразылык акциясын улантат


"7-апрель" кыймылынын лидери, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандагы Беларус элчилигинин алдына бүгүн калдыратып үн чыгарчу идиш-аяктарды көтөрүп бараарын билдирди.

Кечээ 27-августта элчиликтин имаратынын алдына жатып алып каршылык акциясын экинчи жолу өткөргөн укук коргоочуга эч кандай реакция болгон эмес. Ал биринчи акциясында “Кош болгула, жолуңар шыдыр болсун!” деген жазуусу менен букет көтөрүп барган эле.

Өндүрүш Токтонасыров мындай аракети менен Беларус бийлигинин оор кылмышка шектелген Бакиевдерди Кыргызстанга бербей жатканына нааразылыгын билдирүүдө. Ал кыргыз коомчулугу Лукашенкону чечимин өзгөрткөнгө мажбурлаш керек деп эсептейт. (AKu)

XS
SM
MD
LG