Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:24

Кыргыз өкмөтүнүн сайты иштебей калды


Кыргыз өкмөтүнүн интернеттеги расмий сайты учурда иштебей жатат. Өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Султан Каназаровдун “Азаттыкка” айтымында, техникалык адистер сайтка хакердик чабуул болгонун билдиришкен. Учурда доменден убактылуу өчүрүлүп турат, калыбына келтирилгенден кийин кайра ишке кирет.

Бүгүн эртең менен сайтты ачуу учурунда «Hacked Kyrgyz Government!!!» деген жазуу менен сүрөт чыккан. Бул кыргызчага которгондо Кыргыз өкмөтүнө чабуул жасалды дегенди түшүндүрөт.

Май айында хаккрлердин чабуулунан Коргоо министрлигинин интернеттеги расмий сайты да убактылуу иштебей калган. (КЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG