Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Атамбаевге жихад жарыялаган жаран кармалды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн тараткан маалыматка ылайык, президент Алмазбек Атамбаевге жихад жарыялаган кыргызстандык 22 жаштагы жаран 24-августта кармалган. Кармалган адам Египетте жүрүп, Интернет аркылуу экстремисттик маанайдагы материалдарды, конфессия жана улут аралык касташууну козуткан дарстарды тараткан. Ошондой эле анын Кыргызстан президентинин дарегине коркуткан видео кайрылууну даярдоого жана Интернет аркылуу таратууга түздөн-түз байланышы бар экени айтылат.

Бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 297-беренеси (конституциялык түзүлүштү күч колдонуу менен өзгөртүүгө расмий чакырык) жана 299-беренеси (улуттук, рассалык, диний же регионалдык касташууга чакыруу) боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоо жайында кармалууда. Учурда тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

УКМКнын маалыматына караганда, «президент Атамбаевге жихад жарыялоо» деген аталыштагы орус тилиндеги видео кайрылуу 2012-жылдын 2-июнунда Интернет-сайттардын биринде белгисиз адамдар тарабынан таркатылган. Анда авторлор мамлекет башчысына жихадды расмий жарыялап, Атамбаев Манас баатырга таазим кылуу жана ага эстелик тургузуу менен шарияттын нормаларын бузду деп айыптаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG