Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:32

Сирия менен Түркиянын чeк арасында миңдеген качкындар топтолду


Козголоңчулар менен өкмөттүк күчтөрдүн кармашы жүрүп жаткан Сириянын түндүк райондорунан качкан 9 миңге чукул тургундар эки өлкөнүн чек ара бекеттеринде турат.

Түрк бийликтери чек ара ачык болсо дагы, андан өткөндөрдүн тек-жайын тактоо үчүн анда кезек күткөндөрдүн саны өтө арбып кеткендигин айтышат.

80 миңдей сириялыктар Түркиянын аймагындагы качкындар лагерлеринде жатышат. Расмий Анкара Улуттар Уюмунун көзөмөлүндө болгон качкындар жайгаша турган буфердик аймактарды Сириянын өзүндө ачууну сунуштап келет.

Сирияда активисттер билдиргендей, дүйшөмбүдө Дамаск шаарынын чекесинде өкмөттүк күчтөрдүн соккусунан бери дегенде 30 киши өлгөн. Козголоңчулар болсо өкмөттүк тик учакты атып түшүрүштү.

Ал ортодо Дамаскка жакын жерде 330 кишинин сөөгү табылганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG