Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:34

Франсуа Олланд Сирияга аскерий кийлигишүүнүн шарттарын айтты


Сириянын бийлиги козголоңчуларга каршы химиялык куралдарды колдонсо, анда бул сырттан аскерий кийлигишүүгө жол ачат. Мындай эскертүүнү дүйшөмбүдө француздардын президенти Франуа Олланд билдирди:

- Биз өнөктөштөрүбүз менен бирге сириялык режим тарабынан химиялык куралдардын колдонулбоосун алдын-алуу үчүн кылдат көз салабыз. Эгер андай куралдар колдонулса, эл аралык коомчулуктун кийлигишүүсүнө укуктук негиз болот.

Франциянын тышкы саясаты боюнча жылдык сөзүндө президент Сирияга өзгөчө токтолду. Олланд сириялык оппозицияны убактылуу өкмөт түптөөгө чакырып, расмий Париж жаңы башкаруучулардын кабинетин тааный тургандыгын айтты.

Франциянын президенти Орусия менен Кытайдын Сирия боюнча чечимин сындады. Бул эки державанын көз карашы Улуттар Уюмунун жаңжалдуу басуу араткеттерине бөгөт коюп жаткандыгын айтты. Москва менен Бээжин Дамаскка каршы санкцияларды киргизүүгө каршылык көрсөтүп келет.

Буга чейин АКШ президенти Барак Обама Асаддын режимине химиялык куралдарды колдонбоону эскерткен.

XS
SM
MD
LG