Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:57

Румын парламенти Бэсескунун президенттикке киришүүсүнө макул болду


Румын парламентинин депутаттары президент Траян Бэсескуга импичмент жарыялоо боюнча референдумдун жыйынтыгы таанылбагандан кийин анын кайра өлкөнүн эң жогорку кызматына кайтып келүүсүнө макул болушту.

Алгач социалдык-либералдык блокко кирген депутаттар Бэсескунун президенттик кызматка кайтып келүүсүн талкуулоого бойкот жарыяларын айтып чыгышкан. Премьер-министр Виктор Понта өз тарапкерлерин Конституциялык соттун чечимин урматтоого чакыргандан кийин депутаттар каршылык көрсөтүүдөн баш тартышканын маалымат каражаттары кабарлайт.

Буга чейин Понта жетектеген коалициялык өкмөт президентке импичмент жарыялоону сунуштап, бүткүл элдик референдум өткөргөн. 29-июлда добуш бергендердин көпчүлүгү президенттин кызматтан кетүүсүн жактаса дагы референдумга катышкандардын саны төмөн болгондуктан, анын жыйынтыгы таанылган жок.

XS
SM
MD
LG