Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:57

Кендер боюнча аукцион үзгүлтүккө учурады


“Асаба” партиясынын лидери Салморбек Дыйканов баштаган 40ка чукул коомдук активисттер аукцион өтүп жаткан КТРКнын студиясына кирип, инвесторлорду кубалап чыгышты. Бул тууралуу окуя болгон жерден кабарчыбыз Бакыт Асанов кабарлады. Алар мамлекеттин жери сатылбайт турганын билдирип жатышат. Окуя учурунда Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Учкунбек Ташбаевге да кол салууга аракет болду. Агенттик бул боюнча дагы кошумча маалымат берилерин билдирүүдө.

Бир аз мурда "Кыргызстан жаштар кеңешинин" өкүлдөрү өкмөт кызматтан кетип, коалиция тарап, бийлик толук кандуу иштебей турган убакта аукционду убактылуу токтото турууну талап кылган.

Аукцион бүгүн КТРКнын студиясында өтмөк. Аталган агенттиктен “Азаттыкка” билдиршкендей, аукционго коюлган 12 кен үчүн жалпысынан 48 компаниядан арыз түшкөн. Алар Түркия, Орусия, Польша, Азербайжан жана Кытайдын компаниялары. (КЕ/BkA)

XS
SM
MD
LG