Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:35

Смоленск соту Осипованы 8 жылга кести


Смоленскидеги сот «Башка Орусия» аттуу катталбаган оппозициялык партиянын активисти Таисия Осипованы 8 жылга эркинен ажыратты. Ага «баңги заты менен шугулданган» деген айып тагылды. Буга чейин прокурор колонияда төрт жылдык жаза сураган эле. Осипова 2010-жылы ноябрь айында камалган болчу. Осипованын күйөөсү Сергей Фомченков дагы “Башка Орусия” партиясынынын мүчөсү болуп саналат.

Партия буга чейин Осипованын камалышы - анын күйөөсүнө таасир этүү үчүн жасалган аракет экенин бир нече жолу эскерткен. Осипованын жактоочусу баңги заты ага атайы ташталганын ырастап келет.

Өткөн жылдан декабрь айында Осипованы райондук сот 10 жылга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Кийинчерээк Смоленск облустук соту чечимди жокко чыгарып, иш кайра кароого жөнөткөн эле.

XS
SM
MD
LG