Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:50

“Кыргызгаз”: Жыл аягына чейин газ тартыштыгы болбойт


Сентябрь айында Казакстандан кошумча 100 млн. куб метр газ сатып алуу боюнча келишим түзүлөт. Бул тууралуу “Кыргызгаз” ишканасынын башкы директору Тургунбек Кулмурзаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. 2013-жылы өлкөнү көгүлтүр отун менен камсыз кылуу маселеси азырынча толук чечиле элек. Өзбекстан жана Казакстан менен жаңы келишимдер ноябрь айында талкууланат. Азырынча баалары жана шарттары белгисиз.

Ал эми “Кыргызгазды” Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу үчүн баасын аныктоо иштери октябрдын аягына чейин бүтөт. “Андан кийин аны өкмөт, Жогорку Кеңеш жана президент карап чыгып, макулдугун бериш керек”, - деп кошумчалады Кулмурзаев.

Орусиядан алынчу газ коңшу Өзбекстан менен Казакстандын баасынан төмөнүрөөк болору айтылууда. Бул жылы Кыргызстан Өзбекстандан 1 миң куб метр газды 290, Казакстандан 224 долларга алып жатат. (КЕ/ТТо)

XS
SM
MD
LG