Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Флоридада АКШнын Республикачы партиясынын съезди башталууда


Республикачылардын Тампа шаарында өтчү съездинде президенттикке талапкер Митт Ромни сөз сүйлөйт. Ал форумда мамлекет башчы кызматына талапкер катары расмий бекитилет. Буга чейин “Айзек” тропикалык бороону жакындап келатат деген кабардан улам кечээ съезд толук кандуу ишин баштай алган эмес.

Иш-чарада сөз сүйлөй турган ораторлордун ичинде АКШнын алдыңкы республикачы саясатчылары, анын ичинде Митт Ромнинин мурунку атаандаштары да бар. Мындан тышкары съезддин алкагында бир нече конференция жана тегерек стол талкуулары өтөт. Алардын бири “эгер 6-ноябрда өтчү шайлоодо Митт Ромни жеңип калса, АКШ жана Орусия мамилелеринин келечеги кандай болот” деген темага арналат.
Съезд бейшемби күнү жыйынтыкталышы керек.

XS
SM
MD
LG