Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Аукционду болтурбай койгондордун артында ким турганы териштирилет


Буга байланыштуу тапшырма тиешелүү органдарга берилгенин бүгүн өкмөт жыйынында премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов билдирди. Ал кезинде кен иштетүү үчүн чет элдик компанияларга лицензия болгону 300 сомго берилип келгенин белгиледи. Ошондой эле кен байлыктарды чалгындоо маселесинде маалымат берип, эл менен иштешүү жетишерлик болбогонун кошумчалады.

Бүгүн түшкө маал КТРКнын аукцион өтчү залына “Асаба” партиясынын лидери Салморбек Дыйканов баштаган 40ка чукул коомдук активисттер кирип барып, инвесторлорду кубалап чыгышкан. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, аукционго коюлган 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG