Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Бабанов өкмөттү кызматтан кетирүүгө мораторий жарыялоону сунуштады


Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов бүгүнкү жыйында жаңы түзүлгөн өкмөттү бир жыл ичинде кызматтан кетирүүгө мораторий жарыялоону Жогорку Кеңештин фракцияларына сунуштады. “20 жыл ичинде 23 өкмөт башчы алмашыптыр, бизде стабилдүүлүк жок. Бир жылда жасаган иши тууралуу Жогорку Кеңешке отчет бериш үчүн министрлер кабинетине убакыт бериш керек”, - деди Бабанов.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициядан “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” фракциялары чыгып кеткенден соң президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен өкмөт кызматтан кеткен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG