Ингушетиянын Малгобек районунда атайын операция учурунда төрт согушчан өлтүрүлүп, экөө колго түшүрүлдү. Орусиянын тергөө комитетинин аймактык башкармалыгынын билдиришинче, тартип коргоо органдарынын кызматкерлери арасында жабыркагандар болгон жок. Республиканын башчысы Юнус-Бек Евкуров өлтүрүлгөн согушчандардын 19-августта полиция кызматкерин акыркы сапарга узатуу маалында уюштурулган терактка тиешеси бардыгын билдирди. Ал учурда сегиз киши набыт болуп, он беши жараат алган эле.