Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:28

Беларус элчиси башаламандык боюнча милицияга арыз жазды


28-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкодон арыз түштү. Ал элчиликтин имаратына материалдык зыян келтирген белгисиз адамдарга чара көрүүнү өтүнүп кайрылган. Бул тууралуу “Азаттыкка” Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Айгүл Давлетбаева билдирди:

- Аталган факт боюнча Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери имаратты сүрөткө, видеого тартышты. Элчиликтеги видеокөзөмөлдүн дискин алышты. Учурда ыкчам иликтөө иштери жүрүп жатат.

Айгүл Давлетбаеванын айтымында, Беларус элчисинин арызында материалдык чыгым катары 6 имараттын терезеси, 6 жарнак такта терезе жана бир нече гүл өскөн идиштер талкаланганы белгиленген.

28-августта Бишкектеги Беларус элчилигинин алдына нааразылыкка чыккан “Мекен шейиттери”, “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү имараттын айнектерин талкалап, тегерек-четиндеги тосмолорду сындырганга аракет кылышкан. Алар "оор кылмышка шектүү Бакиевдерди Беларус Кыргызстанга өткөрүп бербей жатат" деп нааразы. (AKu)

XS
SM
MD
LG