Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:54

Орусиядагы мушташта мерт болгон жарандын ким экени аныкталды


Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы мушташта мерт болгон кыргызстандык жаран Ош облусунун Алай районунун Гүлчө айылында туулган 27 жаштагы Самат Мамасалиев экени аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият бөлүмүнөн кабарлашты. Мушташта дагы бир кыргызстандык, Алай районунун тургуну, 22 жаштагы Ишен Кеңешбек уулу жабыркап, алгач ооруканага жаткырылып, кийин үйүнө чыгарылды. Анын абалы канааттандырарлык.

Орусиянын Тергөө комитети киши колдуу болгон кыргыз жаранынын сөөгү Москва көчөсүндөгү “Макдональдс” ресторанынын артынан 26-августта табылганын билдирген.

Бул факт боюнча Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы кылмыш ишин козгоп, тергөө жүрүүдө. Учурда Мамасалиевдин сөөгүн мекенине алып келүү үчүн документтер даярдалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG