Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:10

Гвиней кысыгында гректердин кемеси каракчылардын колуна түштү


Гвиней кысыгында каракчылардын колуна түшкөн кеменин экипажы орусиялыктар
гректердин мунай ташыган кемеси Африканын Того мамлекетинин жээктеринен алыс эмес Гвиней кысыгында деңиз каракчылардын колуна түштү. Бул тууралуу орусиялык агенттиктер Грекиянын соода флотуна таянып кабарлайт.

Буга чейин кемеде 24 кишиден турган команда бар экени маалымдалган. Океандагы каракчылар Тогонун жээктерин көзөмөлдөгөн кызматтар менен атышып жатып Energy Centurion кемесин басып алышкан.

Мындай окуя Гвиней кысыгында соңку 2 аптада экинчи жолу кайталанды. 19-августта каракчылар 18 кишиси бар британиялык кемени колго түшүрүп, аны талап-тоноп Нигериянын жээктерине калтырып кеткен.

XS
SM
MD
LG