Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:17

Дагестанда суфилердин лидери шейх Саид Афанди өлтүрүлдү


Дагестанда жанкечти аял жардырган бомбадан диниятчы Саид афанди ал-Чиркави (Ацаев) менен бирге дагы 3 киши набыт болду. Ондогон адамдар жарадар. Gazeta.ru интернет сайты белгилегендей, жанкечти диниятчынын үйүнө сыйынууга келген адамдай болуп кирген.

74 жаштагы Шейх Саид Афанди суфилердин лидери катары жумурияттагы таасирдүү инсандардын бири саналган. Дагестандын жетекчиси Магомедсалам Магомедов бүгүн жумуриятта аза күтүү жарыялады.

Суфизм - IX кылымдарда жаралган исламдагы өзүнчө багыт. Дагестандын мусулмандары негизинен суфизм менен салафиттердин жолдоочулары болуп саналат.

XS
SM
MD
LG