Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:17

АКШнын түштүк жээктерине жакындаган "Айзек" бороону күчөдү


Кошмо Штаттардын түштүк тарабына жакындап келаткан "Айзек" ураганы жергиликтүү убакыт боюнча шейшембиге караган түнү Луизиана штатынын жээктерине жетээрин метеорологдор билдирген.

Президент Обама Вашингтондо туруп Мексика кысыгынын тургундарына табигый кырсыктан сактанууда кылдат болууну эскертти:

- Мен жээкте жашаган тургундарды жергиликтүү бийликтердин айткандарын угуп, эгерде коопсуз жайга чыгып кетүүгө туура келсе алардын көрсөтмөлөрүн так аткарууга чакырам. Биз азыр катуу бороон-чапкынга кабылдык, өтө көп жерлерди суу алып кетиши мүмкүн.

Адистердин маалыматы боюнча Жаңы Орлеан шаарын суу каптайт деген коркунуч бар. Жээкке урунган толкундун бийиктиги 3 жарым метрден ашуусу мүмкүн. Ошондой эле Миссиссипи, Алабама жана Флорида штаттарында дагы кырдаал кооптуу бойдон. Мындан 7 жыл мурун Жаңы Орлеанда “Катрина” деген бороондун кесепетинен 2 миңге чукул киши өлгөн.

XS
SM
MD
LG