Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

“Ынтымак” радиосу иштей баштады


Ош шаарында бүгүнтөн тартып кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде чыкчу “Ынтымак” үналгысы уктурула баштады. Бул тууралуу “ Азаттыкка” “Ынтымак” телерадиокомпаниясынын программалык директору Сабыр Абдымомунов кабарлады. Радио FM 106.1 МГц жыштыгынан чыгат. “Ынтымактын” негизги максаты элдин көз карандысыз жана калыс маалыматка болгон муктаждыгын канааттандыруу, билим берүү, балдар, маданий жана көңүл ачуучу программаларды өнүктүрүү. Алгачкы аптада эфирден тематикалык программалар, коомдо, илимде, саясатта, маданият жана экономика тармагындагы белгилүү инсандар менен маектешүүлөр үч тилде уктурулат.

«Ынтымак» телерадиокомпаниясы кыргыз өкмөтү менен Internews уюмунун биргелешкен долбоору. Ал июнь калабасынан соң эл арасындагы ынтымакты бекемдөө максатында өткөн жылы негизделген. Радиосу ушул жылдын мартынан бери интернеттен он-лайн уктурулуп келген. Ушул күздө «Ынтымак» телеканалынын ачылышы күтүлүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG