Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

Кендер боюнча аукцион кийин болот


Бул тууралуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Учкунбек Ташбаев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Бирок так күнү
айтылган жок. Ташбаев аукциондун үзгүлтүккө учурашы Кыргызстандын инвестициялык имиджине чоң залака тийгизгенин жана бул факт боюнча тартип коргоо органдарына кайрыларын да кошумчалады. Ташбаев аукцион кендерди сатуу үчүн эмес, геологиялык изилдөө үчүн жарыяланганын белгиледи.

28-августта түшкө маал КТРКнын аукцион өтчү залына “Асаба” партиясынын лидери Салморбек Дыйканов баштаган 40ка чукул коомдук активист кирип барып, инвесторлорду кубалап чыгышкан. Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, аукционго коюлган 12 кен үчүн Түркия, Орусия, Польша жана Кытайдын 48 компаниясынан арыз түшкөн.

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов бул окуянын артында ким турарын иликтөөнү тиешелүү органдарга тапшырганын кечээ билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG