3-4-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында кыргыз-герман ишкерлер тобунун инвестиция жана соода тууралуу өкмөттөр аралык бешинчи жыйыны өтөт. Анын алкагында Кыргызстан менен Германиянын соода-экономикалык жана инвестициялык тармагын кеңейтүү максатында бизнес-форум уюштурулат. Германиялык бизнесмендердин курамына Tyssen Krupp, Siemens жана башка 15 компаниянын өкүлдөрү кирген.
Германия делегациясын Экономика жана технологиялар федералдык министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Орто Азия (Европа биримдигинен башка) боюнча бөлүмүнүн башчысы Андреас Нойман жетектеп келет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат, басма сөз жана маданият бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)