Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:33

20 жылдан берки коррупциялык схеманын тизмеси түзүлдү


Ал үч чоң бөлүктөн турат. Биринчиси, эгемен Кыргызстандын алгачкы президенти Аскар Акаевдин башкаруусу маалындагы жемкордук. Анда тышкы карыз, сырттан келген насыялардын, чет өлкөдөн келген гранттардын кайда кеткени, өлкөгө пайда алып келбей турган соодалашуулар, Бишкек-Ош жолун, эл аралык “Манас” аэропортун курууда кандай акча жасалаганы, бажы, менчиктештирүү, кендерге лицензия берүү маселесиндеги коррупциялык схемелар көрсөтүлгөн.

Экинчи чоң бөлүк – бул мурдагы президент Курманбек Бакиев бийликте турган мезгилге туш келет. Үчүнчүсү, азыркы бийликтин коррупциялык иштерге аралашканы. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында саясатчы Азимбек Бекназаров билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG