Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

Лондондо Паралимпиадалык оюндар башталууда


Оюнду бүгүн Лондондо Британиянын ханышасы Елизавета II ачат. Паралимпиадалык оюндарда майып спортчулар таймашат. Салт болуп калгандай, бул оюндар Олимпиада болгон жылы уюштурулат жана ошол жерде өткөрүлөт.

Бул жолку таймаштар 9-сентябрга чейин созулат. Ага 166 мамлекеттен 4200 оюнчу спорттун 20 түрү боюнча катышат. Эң алгачкы Паралимпиадалык оюндар Римде 1960-жылы өткөн. Бирок мындай таймаштардын мекени болуп Британия эсептелет. Анткени майып спортчулардын эң биринчи расмий турнири 1948-жылы ушул өлкөдө башталган эле.

XS
SM
MD
LG