Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:18

Коалицияга кирчү төртүнчү фракция талкууда


Жогорку Кеңештеги Социал демократтар фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” айтымында, жаңы коалициялык көпчүлүккө “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана КСДП фракциялары кире турганы чечилди. Учурда төртүнчү фракция жөнүндө маселе каралууда. Турсунбековдун белгилешинче, коалиция үч же төрт фракциядан куралат. Фракциядан чыккан депутаттык топ да кириши мүмкүн. Ал эми коалициялык көпчүлүктүн жетекчилигине “Ар-намыс” фракциясынын лидери Феликс Кулов сунушталды.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы коалиция түзүү мандатын 27-августта тапшырган. Учурда сүйлөшүүлөр уланууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG